29-декабрда КРнын Жогорку Сотунун пленумунун жыйыны өтөт. Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Жогорку Соттун Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу жана ар түрдүү маселелер каралат. Жыйынга аталган органдын судьялары гана катыша алышат. Пленумда катчылык милдетти Камил Осмоналиев аткармакчы.