Кыргыз улуттук илимдер академиясы мындан ары кыргыз эпосторун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизүү боюнча иш алып барат.
Аталган академиянын президенти Абдыганы Эркебаев: “Биздин көптөгөн кайталангыс эпосторубуз бар. Алсак, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” жана башкалар. Булар ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине кирүүгө татыктуу. ЮНЕСКОго “Манас” үчилтигинин кириши - башталышы гана. Биз бул багытта иштөөнү улантабыз. Келечекте көп пландар бар”,- деп билдирди 15-апрелде “Манас” үчилтигинин бүткүл дүйнөлүк маданият мурасы катары ЮНЕСКОго киргенине арналган аземде.