Бишкектин Медеров көчөсүндөгү Чоң Чүй каналы (БЧК) таштандыга толуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жаан-чачын мол болгон учурда каналга суу батпай, аталган аймактагы үйлөрдү каптап кетүү коркунучу бар. Ошондуктан КРнын ӨКМсы жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардан жана тургундардан арыктарды, каналдарды тазалоо иштерин жүргүзүп, тазалыкты сактоону суранат.