Эртең менен Жаш Гвардия жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил унаа кагышты (фото)

Бүгүн, 16-апрелде саат 8:45 чамасында Жаш Гвардия жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен Toyota Gaya үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышты.

Кырсыктын айынан жеңил унаанын маңдайкы бөлүгү жараксыз абалга келген, ал эми маршруттук таксинин сол жак капталы жабыр тарткан. Унаадагы жүргүнчүлөрдүн арасынан жаракат алгандар болгон жок. Кырсыктын күнөөкөрү азырынча аныктала элек. Айрым күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаа жол чырактын кызыл жанганына карабастан, өтүүгө аракет кылган. Учурда унаалар айып жайга жөнөтүлдү. Иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
marat_1910
2014-04-16 18:31:02
абайла досум абайла кырсык каш кабактын ортосунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан