Нарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча кылмыш иши козголду

Нарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын шаардык прокуратурасына М.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2014-жылдын 10-мартында азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн биринен сүт алганын жана 4 баласы Нарын облустук ооруканасына жатканын билдирген. Ушундай эле окуя 15-мартта да катталган. Анда сүт азыктарынан ууланып 5 жашы жете элек бала ооруканага жаткырылган.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын текшерүүсүндө аталган дүкөндөгү сүт азыктарында чиритүүчү бактериялардын бар экени аныкталган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан