Бүгүн, 16-апрелде эртең менен саат 09:00 чамасында Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан багыт алган чоң кеме сууга чөгүп кеткендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жергиликтүү басылмалары жарыялашты.
Маалыматта сууга чөгүп кеткен кемеде 500гө жакын адам болгону жана теңинен көбү мектеп окуучулары экендиги билдирилүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, кемеде 3 жаштагы наристе каза болгон.