Кечээ, 15-апрелде Ноокен районунда саат 14:45те КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары эркек адамдын жансыз денесин Нарын дарыясынан чыгарышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен (Бишкек-Ош унаа жолунун 435-436-чакырымдары). Азиат түспөлүндөгү эркек адам 25-30 жаштарда экендиги божомолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.