Жалал-Абадда айымдардан жана милиция кызматкеринен турган кылмыштуу топтун бети ачылды

Башкы прокуратура тарабынан "Жалал-Абад ОИИБинин кызматкеринин катыштыгы бар" деп шектелген кылмыштуу топтун бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн И.К. аттуу кызматкери К.И. жана К.А. аттуу айымдар менен биргеликте кылмыштуу топту түзгөн. Аталган кызматкер жогорудагы эки айым тарабынан жазылган зордуктоо тууралуу жалган арыздарды пайдаланып, айрым жарандардан опузалап пара талап кылып турган.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жогорудагы кылмыштуу топко Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу), 313-берене (опузалап пара талап кылуу), 329-беренеси (атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иштери козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
yasmina_kg
2014-04-16 11:24:49
Тан калыштуу эмес.Мындай метод ар бир милиция болумундо бар .Эч кандай жаза болбойт.Кутулушат.Бирок канча уй булону сыздатышты.
+6
infiniti
2014-04-16 11:30:46
Мындайлар биздин олкодо,терен тамырын жайган. Баардык эле аймакта бар. Милициялар,сойкулар менен бирге эле,иш алпарып журушпойбу. Ууру,каракчыларды мындай кой.
+5
Ch.i.k.a
2014-04-16 12:20:42
Туура мен оз козум менен коргом срйкулар менен иштегенин
+4
Manap_kg
2014-04-16 11:43:54
Карга карганын козун чукумак беле мына биз иштеп атабыз деген эле билдируу
+4
Momun-jigit
2014-04-16 11:47:05
Долядан жакшы болушбой койсо керек да ошон учун, болбосо мындайлар толтура. Канча адмдар ушундайлардын айынан турмодо олтурушат жалган жалаа м.н.
+3
jamri
2014-04-16 12:09:30
ооба мындайлар бар буларды кантип токтотуу керек жер жерлерге ишеним телефондорду койсо ушундайлардын далайынын бети ачылмак
+3
Ch.i.k.a
2014-04-16 12:12:18
Бул эмне деген товааа
+1
Ch.i.k.a
2014-04-16 12:18:20
Булардын бардыгын камаш керек 15 жылдан ошондо королу башка ишкерлерди
0
Asanaka2
2014-04-16 18:18:48
Долясын аз алып калып шарт айтып жибергенго бироо жарымы.Мындайлар толтура сойку каналарлы текшерсе кобун эле таап алышат
+1
Talantchik
2014-04-16 18:47:15
бишкекте мындайлар море
+1
Murat1985
2014-04-16 22:55:53
Мен лично ушундай окуяга кабылгам кудай сактап дагы акталгам андайлар толтура
+1
jazz007
2014-04-17 13:22:54
Менин да жолдошумду озунун эле дос бала милициялар мн постава кылышкан. Жаны эле машинабызды сатканыбызды билчу.Дагы жакшы мага звонтетип досум кыздарды алып келди биздикине отура турушсун деп озу уйунун ачкычын алып келип анан алып кетем кеткен деп .Ушул убактан баштап милиция келген чейин тел мн суйлошгонбуз болсобо ажырашып кетмекбиз.Байкемдин досу бутуруп берген 1000 долларга 5000доллар сурашкан.Соттошсок жолдошумдун окуусуна ишине туура келбей калмак.Жон эле нерв убакытын кетет.Жон куйдук.
+1
jazz007
2014-04-17 13:26:18
Карга карганын козун чукубайт деген чын экен.Эч кандай жаза алышкан жок. Что милиция и что дос баласы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан