Акыйкатчы: "Президенттин атына эки жолу кат менен кайрылып, “ал кишинин убактысы жок” деген жооп алдым"      

Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-апрелде акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өзү башкарган мекеменин 2013-жылдагы иштери боюнча отчёт берүүдө. Суроо-жооп уланууда. Депутаттар акыйкатчынын жумуш боюнча президентке жолукканына же жолукпаганына кызыгышты. 

Бактыбек Аманбаев: “Президент менен жолугуша элекмин. Эки жолу кат менен кайрылып, “ал кишинин убактысы жок” деген жооп алдым”,- деп билдирди.

Башкы укук коргоочу Башкы прокуратуранын ишин кескин сынга алууда. “Мен болгонун болгондой айтам, айрым сөздөрүм бийликке жакпай калышы мүмкүн”,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан