Рулу оң жагында жайгашкан унааларга тиешелүү мыйзам 1-окууда добуш берүүгө жиберилди
ЖКнын 27-декабрдагы жыйынында “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору автомобиль транспорту менен кызматтарды көрсөтүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат. Ошондой эле Кыргызстанга оң рулдуу автоунаалардын кирүүсүнөн алынуучу бажы төлөмдөрүн жогорулатуу сунуштары да айтылды. Долбоордун авторлору мындай аракет менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөөдө. Анткени оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктар көп катталып жатат. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 800 миңге жакын автоунаа болсо, алардын 52 миңге жакынынын рулу оң тарабында. Мыйзам боюнча, баяндама жасаган депутат Абдрахман Маматалиев Кыргызстандагы таксисттерди да лицензиялаштыруу керектигин кошумчалады. Жыйынтыгында “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.