Оштогу "Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 55 даана бирдиктүү формага ээ болушту. Ошондой эле бир унаа менен толукталды. Андан тышкары 12 даана кузов алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде аталган ишкана жетекчиси Талант Капаров билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аталган ишканада 39 техника иштеп келсе, анын 30у гана ишке жарактуу болгон. Акыркы жолу бул ишканага 2009-жылы техникалар алынып келген.
“Жаз алды менен таштанды тазалоо иши күчөп, кызматкерлер күн сайын 2 маал шаардагы таштандыларды тазалап турушат. Мындан улам кызматкерлерге 55 даана жаңы бирдиктүү форма берилди. Техникаларды жаңылоо боюнча шаардык мэриядан 4 миллион сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн”,- деди ал.