Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев отчёт берип жатып депутат Нариман Түлеевдин укугу бузулганын мисал кылды.
“Түлеевди 47-түзөтүү колониясынан УКМКнын СИЗОсуна которушкан. Бирок ал жакта орун жок болгондуктан, аны бир нече саат унаанын ичинде кармап турушкан. Ал учурда Түлеевдин кан басымы кескин көтөрүлүп, “Тез жардам” унаасы менен ооруканага жеткирилген”,- деген акыйкатчы бул факты боюнча аталган колониянын күнөөлүү өкүлдөрү жоопко тартылбаганын кошумчалады.
Парламентте Акыйкатчы институтунун 2013-жылдагы иштери боюнча баяндама угулууда.