Бишкек шаарында унаа уурдап, автокырсыкка кабылган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу 27-декабрда Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Укук коргоо органдарына Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда Ахунбаев-Тыналиев көчөсүндөгү унаа жуучу жайдан белгисиз бирөө Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткендиги тууралуу жазылат. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң Талас облусунун тургуну, 16 жаштагы Н.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.