Швецияда өзүнө эң кыска некролог жазган адам көз жумду

Өзү тууралуу некрологдун (маркум тууралуу жазылган эскерүү) узун болушун каалабаган Швециянын 92 жаштагы жараны Стиг Кернелл алдын ала эң кыска некролог жазган. Анда "мен өлдүм" деп гана жазылган. Ушундан көп өтпөй Стиг Кернелл 2014-жылдын 6-апрелинде көз жумду. Мындан соң анын жазганы эң кыска некролог деп табылып, жергиликтүү басма сөз каражаттарына басылып чыккан.  

Бүгүн, 16-апрелде чет элдик маалымат каражаттарынын тараткан маалыматына ылайык, "мен өлдүм" деген билдирүү швед тилинде 3 сөздөн турат. 

Маркумдун балдары журналисттерге атасынын шайыр, тамашакөй болгонун жана учактар тууралуу китептерди чогултуп "Гиннесстин рекорддор китебине" киргенин айтышкан. Эми минтип алардын атасы өзүнө эң кыска некролог жазган адам катары таанылып отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Suluushka
2014-04-16 12:21:10
некролог деген эмне?
0
Mystique
2014-04-16 12:26:24
Suluushka, Некроло́г — один из жанров газетной журналистики. Воплощается обычно в форме небольшого мемориального материала, который публикуется в СМИ по поводу смерти какого-либо недавно ушедшего из жизни человека. Распространённой практикой является также размещение некрологов в учреждениях, где работал покойный, в некоторых странах — на улицах и в общественных местах.
+2
Dasmond
2014-04-16 12:30:31
Suluushka, акыркы созу окшойт да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан