Гидаят Оружев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси: “Айтматов көркөм сөздүн жаратуучусу гана эмес, баарынан мурда дүйнөлүк масштабдагы адам болгон” (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз улуттук китепканасында “Чыңгыз Айтматов – түрк духунун салтанаты” аттуу китептин бет ачары жана “Азербайжан – оттун өлкөсү” аталышындагы китеп көргөзмөсү болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын жана Азербайжандын парламент депутаттары, дипломатиялык корпус, эл аралык жана коомдук уюмдар, маданий жана илимий ишмерлер, массалык маалымат өкүлдөрү, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, коомчулук катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз алган Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оружев:Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Кыргызстан менен Орусиядан кийин эле Азербайжанда эң көп которулат. Улуу жазуучуну бүт дүйнө окуйт, билет жана сүйөт. 

Чыңгыз Айтматовдун зор таланты, ыймандуулугу жана толеранттуулугу көзү тирүүсүндө да, бүгүнкү күндө да коомдук аң-сезимдин калыптанышына, маданияттын өнүгүүсүнө таасир этүүдө. Ал көркөм сөздүн жаратуучусу гана эмес, баарынан мурда дүйнөлүк масштабдагы адам болгон”,- деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, “Чыңгыз Айтматов – түрк духунун салтанаты” китебин Азербайжан мамлекетинин Маданият жана маалымат министрлиги залкар жазуучунун 85 жылдык мааракесине карата чыгарган. Мааракеге арналып басылып чыгарылган бул китепте Чыңгыз Айтматовдун азыркы кезге чейин өз актуалдуулугун жогото элек улуу ойлору, кеңештери жана аны менен болгон баарлашуулар камтылган.

Ал эми “Азербайжан – оттун өлкөсү” деп аталган китеп көргөзмөсүндө азербайжан авторлорунун китептери, публикациялары, ар кандай фотодокументтер, аталган өлкө тууралуу материалдар коюлган.

Бул иш-чараны Азербайжан өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз улуттук китепканасы уюштурган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан