Бактыбек Аманбаев: “Мен жетекчи болуп келгенден кийин Акыйкатчы институтунда 5 кызматкер иштен бошотулду”

“Мен жетекчи болуп келгенден кийин Акыйкатчы институтунда 5 кызматкер иштен бошотулду” деп билдирди бүгүн, 16-апрелде акыйкатчы Бактыбек Аманбаев. Анын билдиришинче, институттун кызматкерлеринин эң аз айлыгы 5 миң сом.

“Мен келгенден кийин аппарат жетекчиси, басма сөз кызматынын 1 кызматкери, эл аралык иштер боюнча бөлүмдүн 1 кызматкери, жалпы 4-5 кызматкер иштен алынды”,- деп билдирди.

Депутаттар 5 миң сом айлык алган кызматкер акыйкаттык издөөгө умтулбай турганын, институт бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кайрылышы керектигин айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан