Жогорку Кеңеште депутаттар Акыйкатчы институтунун ишин Кыйноолорго каршы улуттук борбор кайталап жатканын айтышты. Депутат Надира Нарматова “Акыйкатчы институту өз милдетин аткара албагандан кийин гана ушул борбор түзүлдү дегенге макулсузбу?” деп суроо берди. Акыйкатчы бул боюнча кескин пикир айта албай турганын билдирди.
“Бул орган иштеш керек. Биздин мекеменин өзүнүн бөлүмү, анын багыты бар. Бул борбордун маселесин Жогорку Кеңеш чечет”,- деди акыйкатчы.