Акыркы 3 ай аралыгында Бишкекте 44 митинг болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин Коомдук тартипти сактоо бөлүмү 2014-жылдын 1-кварталында 38 расмий иш-чарада жана 44 митингде коопсуздукту сакташкан. Алар 5 мамлекеттик деңгээлдеги, 3 диний, 28 маданий-спорттук, 2 ар кандай багыттагы иш-чараларда жана 29 саясий, 15 турмуштук-экономикалык багыттагы митингдерде коомдук тартипке көз салган.