Жогорку Кеңеште депутаттар “омбудсмен мага авторитет эмес” деген Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин маселесин комитетте кароону сунушташты. Сунушту депутат Ширин Айтматова айтты.
“Оппозициянын митингинде айткан мындай сөзү үчүн анын маселесин Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде карашыбыз керек” дейт депутат.
Айта кетсек, Турганбаев бул сөздү Бишкекте 10-апрелде өткөн Улуттук оппозициялык кыймылдын митингинде айткан эле.