Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кемеде 474 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучусу, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 24ү - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алган. Мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу туман себеп болгон. Азырынча 367 адам куткарылып, 107 адам дайынсыз болгону айтылууда.