200гө чукул кыргызстандык Орусиянын аскер кызматын өтөөгө ниеттенүүдө

Акыркы эки жылдын ичинде 200гө чукул кыргызстандык Орусиянын аскер кызматын өтөөгө ниетин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде орусиялык басылмалар Кыргызстандын эмгек мигранттарынын коомдук кыймылынын жетекчиси Алишер Маданбековго шилтеме берип жазып чыгышты.

Анын айтымында, кыргызстандык уландар Орусиянын жарандыгын алууга ишенүү менен Орусиянын аймагында аскер кызматын өтөөгө даяр. “Мыйзамга ылайык, алар акчалай жеңилдиктерди ала алышат”,- деди активист.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-апрелде Орусиянын Коргоо комитети Мамлекеттик Думада “мигранттар Орусиянын жарандыгын алыш үчүн Орусиянын аймагында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөшү зарыл” деп парламентке сунуш кыларын жарыялаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dasmond
2014-04-16 16:03:28
К ырг ыз д ар ушинтип чачылып отyрyп жок болобузбу?
+2
Dadin
2014-04-16 16:04:53
Dasmond, Жок болбойбуз кайра кобойобуз.
-2
zenit28.
2014-04-16 21:52:57
Кыргызстандын гражданствосун алгандардыда службага чакырыш керек, туболук жашап келген озбек тагалар негодный болуп калышат жумушка кантип годен болуп депутат аким болуп калышат анан
+2
Kymyzkyz
2014-04-16 22:59:54
Окунучтуу оз элине Ата-Журтуна кызмат кылып, элин коргобой паспорт учун ботон элге кызмат отогон... Билбейм ким кандай баалайт мен саткындыка барабар деп эсептейм.
+1
Rayimbek
2014-04-17 12:10:52
Оз жерин кадырлабаган озгону жарытпайт.Бул деген матералдык кызыкчылык болуп атат.
+1
Turtkuch
2014-04-17 12:30:43
Кыргызстандын эмгек мигранттарынын коомдук кыймылынын жетекчиси Алишер Маданбеков деген неме бийликтин бир Арзыматы корунот, борк ал десе баш алган. жумуш таппай кыйналган Россиядагы жаштардан 200-500ун топтоп, служба кылсан РФ паспорт аласын деп ишендирип жонотмокчу болгон бири го Россия астында Кыргыз бийлигинин авторитетин которойун деген... Оз олкондо кызмат кылуудан качасын да Россияда кызмат кылсан сени эл саткын дебей патриот деп атай тургансып...Бийлик уялыш керек бул жорукка уяты болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан