Гүлжигит Сатыбековдун менеджери Таластын Көк-Ой айылынын элинен болбой калган концерти үчүн кечирим сурайт

Кечээ, 15-апрелде Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну "14-апрелде саат 19:30да биздин айылда Гүлжигит Сатыбековдун концерти болмок. Тилекке каршы, артисттер келишкен жок. Биз аларды саат 20:00гө чейин күтүп, анан тарап кеттик. Баарынан да анын чыгармачылыгын сыйлап келген апаларга боорум ооруду" деп маалымат тараткан эле.

Бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында Гүлжигит Сатыбековдун менеджери Астра айымга байланыштык. Ал: "Ооба, Талас жергесине гастролго барып келдик. 8-9-апрелде Таластын борборуна концерт койдук. Ачыгын айтыш керек, жарыктын улам-улам өчкөнүнө байланыштуу концертибизди саат 21:00дө баштадык. Антпеске аргабыз жок эле. Анткени эл жарыктын күйүшүн күтүп, кетпей койду. 

Ооба, 14-апрелде Көк-Ой айылында бере турган концертибиз болбой калды. Бул үчүн айыл тургундарынан кечирим сурайбыз. Ошол күндөрдө болгон суукка урунган окшойбуз, баарыбыз ооруп калдык. Мындан улам бир күн мурун айылдык клубдун жетекчисинин орун басарына чалып, абалыбызды айтып, кечирим суроого аргасыз болдум. Биздин жамаат дагы бир жолу көк-ойлуктардан кечирим сурайт",- деди. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azhunushaliev
2014-04-17 09:33:20
мындай кылгандары туура эместа бул элди күйөрмандарын сыйлабастык,ооруп калдык деген бул шылтоо
-1
Mirba-Nookat.83
2014-04-17 15:12:40
Бекер концерт берсе кечиретго эл.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан