Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында депутаттар акыйкатчынын отчётуна баа берүүнү талашып-тартышууда. Комитет сунуштаган токтом долбоорунда “отчёт эске алынсын” деп жазылганы айтылды. Турсунбай Бакир уулу: “Мурда “жактырылсын” же “четке кагылсын” деп чечим кабыл алчубуз. "Акыйкатчынын маалыматы эске алынсын" дегенибиз туура эмес, бул мыйзамда жок нерсе”,- деди.
“Маалымат эске алынсын” деген норма колдонулуп жатканын айтышууда.