Ош шаарындагы орто мектептерде Жарандык коргонуу күндөрү өткөрүлүүдө

2014-жылдын 16-апрель күнү Ош шаарында жайгашкан Максим Горький атындагы №8-гимназиясында Жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү. Жарандык коргонууга даярдыктары боюнча окуучулардын практикалык көргөзмөлүү сабактарын Ош шаардык куткаруу кызматы менен биргеликте иш алып барышты. Ошондой эле куткаруучулар куткаруу жумуштарын практика жүзүндө көрсөтүшүп, окуучуларга сабак өтүштү.

Ушундай эле иш-чара Панфилов атындагы №23-орто мектепте 14-апрель күнү өткөрүлгөн.

Жарандык коргонуу күндөрүн өткөрүү иш-чаралары апрель айынын ичинде шаардын бардык орто мектептерде улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан