Бир кезде жагымдуу үнү, бетиндеги уячасы менен кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы
Мирбек 2011-жылы үй-бүлөсүн ачыкка чыгаргандан тарта сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Учурда ырчы жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, чыгармачылыкка билек түрө киришип, ал тургай Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна жеке концертин тартуулоо алдында турат.
"Акыркы 5 жылдан бери концерт бере элек экенмин. Эстесем, акыркы концертимди 2009-жылы коюптурмун. Күйөрмандарым деле сагынып калышса керек. Буюрса, 18-апрелде Спорт Ордосунда жеке концертимди берсем деп турам. Албетте, өзгөчө концерт койгонго аракет кылып жатам. Анда буга чейин хит болгон жана жаңы чыгармаларым жаңырмакчы. Ошондой эле көрүүчүлөр сахналаш досторумдун өнөрлөрүнө да күбө боло алышат",- дейт бүгүн, 16-апрелде акыркы жаңылыктарынан бөлүшкөн ырчы.