Жогорку Кеңеш акыйкатчынын баяндамасы боюнча чечим кабыл алууну кийинки аптага калтырды

Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-апрелде акыйкатчынын жылдык баяндамасы боюнча чечим кабыл алуу кийинки аптага жылдырылды. Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев депутаттардын алдында мекеменин 2013-жылдагы иши боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди. Жыйынтыгында талаш жаралып, “баяндамага баа берилиши керек” жана “баа берилбейт, маалыматты эске алуу чечимин кабыл алабыз” деген пикирлер айтылды. Баяндама боюнча комитеттин токтом долбоору, депутаттардын сунуштары добушка коюлуп, бири да өтпөй калды. Мындан кийин комитеттин токтом долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн маселени кийинки аптага жылдыруу чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан