Бүгүн, 16-апрелде Ош шаарында Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда “1+1=3” кинокомедиясынын бет ачары болуп өттү. Ага аталган комедиянын режиссёру Сапар Сайназаров, тасманын продюсери, Сапардын атасы Арзимат Сайназаров, тасмада роль жараткан актёрлор “No name” командасынын жигиттери жана ырчылар KG Эльмурат, Мирана Мамытовалар катышышты.
Тасманын жаратуучусу Сапар Сайназаровдун айтымында, “1+1=3” тасмасы эки жыл аралыгында тартылган. Анда Сапар өзү башкы каармандын ролун жаратат. Ал эми тасмага кеткен каражат туурасында “Көпчүлүк режиссёрлор кетирген чыгымын жашырышат. Алардын катарында мен да бармын" деп ачыкка чыгаргысы келген жок.