"Криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 7-майга жылдырылды

"Криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму 7-майга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 16-апрелде билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Көлбаевдин иши Жогорку Сотто каралмак. 

Айта кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан