19-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев
атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү
Мамыралы Эшбаевдин жеке
көргөзмөсүнүн ачылыш аземи орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде аталган музейдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Мамыралы Эшбаев 1959-жылы Ала-Бука районуна караштуу Ызар айылында туулган. 1985-жылы
Пржевальск педагогикалык институтунун көркөм графикалык факультетин аяктаган.
Анын эмгектери республикалык, облустук жана чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлуп
келет. 1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
Учурда Ош гуманитардык университетинин доценти.