Кара-Көл шаарында кассадан ири суммадагы акча уурдап кеткен банк кызматкерине издөө жарыяланды

24-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы банктардын биринин филиалынын кызматкери банк кассасынан ири суммадагы акча уурдап кеткени үчүн изделүүдө. ИИМ билдиргендей, 25-декабрда аталган банктын сактык кассасынын жетекчиси кассадан ири суммадагы акча алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Маалыматтар боюнча, банк кызматкери өзү менен кошо 4500 доллар, 130 миң рубль жана 2 миллион 200 миң сом алып кеткен. Учурда бул иш боюнча Токтогул РИИБи кылмыш ишин козгоп, аталган банк кызматкерине издөө жарыяланды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан