19-апрелде Бишкектеги Лофт "Цех" имаратында көчө сүрөтчүсү Евгений Макшаковдун биринчи жеке көргөзмөсү өтөт.
“Евгений Макшаков - активдүү көчө сүрөтчүсү жана татуаж чебери. Ал көбүнчө CHERVI деген каймана ат менен таанымал. Анын эмгектерин КМШ өлкөлөрүнүн ар кайсы шаарларынан көрсө болот. Көчө искусствосун көргөзмө жайына жайгаштыруу Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Анда ар кандай техника менен жаралган живопись, граффити эмгектери коюлат”,- деп билдиришет уюштуруучулар.