Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-апрелде Зина Асанкожоеваны Улуттук банктын төрайымдыгынан бошотуу маселеси каралууда. Асанкожоева “Үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу Улуттук банктын төрайымдыгынан кетип жатам. Өз элимдин алдында жүзүм жарык деп ишенем” деп билдирди. Төрайым Улуттук банктын мыкты иштерин кыскача баяндап берди.