Кечээ, 15-апрелде КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Түштүк Корея мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Ким Чанг Гю Корея мамлекети тарабынан Сокулуктагы Арал айылында ачылган күнөсканадан жылына 300 миң АКШ долларына жакын акча каражатына өндүрүлгөн продукциялар ички рынокко чыгарылып жатканын белгиледи.
Ошондой эле элчи өндүрүлгөн акча каражатына ошол эле күнөсканада күнөскана боюнча адистигине окутуу борборун ачууну сунуштады. Бул сунушту министр да колдоп, республиканын жети облусунан жети адисти окутуу талапка ылайык болорун белгиледи.