Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-апрелде депутаттар Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоеванын “үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу кызматтан кеттим” дегени табышмактуу экенин айтышты. Исмаил Исаков: “Үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу кызматтан кеткениңиз суроо жаратып жатат. Сыр болбосо, үй-бүлөдөгү эмне жагдай экенин айтсаңыз жакшы болот эле. Антпесе айрымдар кийин “ошондо туура эмес иштер болуп жатканын көрүп кызматтан кеткем” деп чыгышат. Сизде андай нерсе болбойбу?”- деди.
Асанкожоева “андай болбойт” деп билдирди.
Башка депутаттар да төрайымдын “үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу” деп кызматтан кетиши табышмактуу экенин айтышты. Асанкожоева үй-бүлөлүк жагдайын түшүндүрүп айткан жок.