Нигерияда “Боко Харам” аттуу радикал-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү 200гө чукул мектеп окуучусун уурдап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя Борно штатынын Чибок шаарчасында болгон. Жоголгон мектеп окуучуларынын ата-энелеринин айтымында, “Боко Харамдын" өкүлдөрү түндө келип, жатаканада жашаган өспүрүм кыздарды күч менен жүк ташуучу унааларга салып кетишкен. Нигериянын полиция кызматкерлери бул окуяны тастыкташканы менен, кыздардын бул факты жөнүндө толук маалыматтары жок экенин билдиришкен.