Депутат айымдардын форумунда Талас облусуна болгон иш сапардын жыйынтыгы каралды

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутат айымдарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү. Анда форумдун координациялык кеңешинин төрайымы Гүласал Садырбаева коомчулукту өнүктүрүүдөгү парламентаризмдин маанисин, бул процесстеги аялдардын ордун белгилеп, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары тушуккан көйгөйлөрдү иликтөөдө аймактарга парламенттин депутат айымдарынын чыгуу мүмкүнчүлүгүнө оң баасын берди.

Депутаттар Майрамкүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекова Талас облусунун Кара-Буура районуна болгон иш сапары тууралуу маалымат беришти. Жолугушууларда жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары тарабынан пенсиялар менен жөлөк пулдардын өз маалында берилбей жаткандыгы, мектептер менен бала бакчалардыкапиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгы айтылганын белгилеп өтүштү. Ошондой эле медициналык мекемелерде дарыгерлердин жетишсиздиги сындуу көйгөйлөр көтөрүлгөндүгүн айтышты.

Социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңешинин айым депутаттары Жогорку Кеңеште депутат айымдардын квотасын 50 пайызга чейин жогорулатууну сунушташкан.

Жолугушууда Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөө, Депутат айымдардын форуму үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр боюнча ЮСАИД программасынын Изилдөө фондунун бет ачары болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан