Кыргызстанда Кыйноолорго каршы улуттук борбордо 26 кызматкер иштейт, айлыктары - 17 миң сом

Кыргызстанда Кыйноолорго каршы улуттук борбордо 26 кызматкер иштейт. Муну парламенттин 16-апрелдеги жыйынында аталган борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди. Анын билдиришинче, кызматкерлердин айлыгы 17 миң сомдун тегерегинде.

Депутаттар бул борборду Акыйкатчы институтуна кошуп салуу керектигин айтышууда. Бөдөш Мамырова: "Кыйноолордун түрлөрүн санагандан башка эч нерсе айта алган жоксуңар, ошондуктан силерди Акыйкатчы институтуна кошуп салуу маселеси көтөрүлүүдө",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан