Декабрь айы Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүү айы деп жарыялангандыктан, “Газпром Азия” Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Кыргызстандагы көптөгөн майыптар уюмдарына жардам көрсөтүштү. 200 миң сомдук азык-түлүктөр беш уюмга берилди. Атай кетсек, Токмоктогу Сокурлар жана дүлөйлөр коомуна, Ак-Суудагы Психоневрологиялык интернат-үйүнө, Бакай-Атадагы Майыптардын интернат-үйүнө, Ивановка айылындагы Балдардын психоневрологиялык интернат-үйүнө жана Оштогу Сокурлар жана дүлөйлөр коомуна. Бул уюмда миңдеген мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар.