*17-апрель – Бүткүл дүйнөлүк гемофилия менен күрөшүү күнү. Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 1989-жылкы демилгесине ылайык белгиленип келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда Жер шарында 400 миң чамалуу адам гемофилия дарты менен жабыркайт.
*1875-жылдын 17-апрелинде англиялык мамлекеттик ишмер Невилл Чемберлен “снукер” аталышындагы бильярд оюнун ойлоп тапкан. Оюндун аталышы армиядагы жаңы жоокерге берилүүчү шакаба ысымдан алынган. Уламышка караганда, Невилл Чемберлен менен бирге бильярд ойногон ыксыз оюнчуну "снукер" деп тамашалашчу экен.
*Мындан 112 жыл мурун Пишпек шаарынын жетекчилиги жана окумуштуулардын демилгеси менен Токой күнү белгиленген. Анда Пишпектеги (азыркы Бишкек шаары) Эмен сейил багына көчөт отургузулган. Муну менен бүгүнкү ажайып кооз сейил бактын пайдубалы түптөлгөн.
*1941-жылдын бул күнү окумуштуу-авиаконструктор Игорь Сикорский эң биринчи 4 моторлуу учакты жана трансатлантикалык гидроплан, сериялуу тик учакты ойлоп тапкан.
*Мындан 1 жыл мурун Нарын шаарында Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна нааразы болгон бир канча адам чакан митинг уюштурган. Нааразычылык акциясына 10дой гана жаран катышкан. Алар колдоруна "Абактагы оорулуулардын баары чыгарылсын!", "Камактагыларга жакындары кам көрсүн!" деген сөздөр жазылган плакаттарды кармап турушкан.