Түштүк Кореяда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 6 кыргызстандык балага операция жасалды

Түштүк Кореяда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 6 кыргызстандык балага операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

“Тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган балдарга Инчхон шаарындагы “Гиль” бейтапканасында акысыз операция жасалды. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов балдар менен жолугушуп келди. 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарга медициналык жаңы технологияларда ийгиликтүү операция жасалды” деп айтылат маалыматта. 

Белгилүү болгондой, 5 бала Кыргызстанга кайткан. Бир бала операциядан кийин дарыланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin
2014-04-16 18:00:04
Ден-соолуктары чын болуп сакайып кетишсин!!!
+2
maks83
2014-04-16 21:09:21
аман болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан