Түштүк Кореяда сууга чөгүп кеткен кемедеги жүргүнчүлөрдүн арасында кыргызстандыктар жок

Бүгүн, 16-апрелде эртең менен саат 09:00 чамасында Түштүк Кореянын Инчхон шаарынан багыт алып, сууга чөгүп кеткен чоң кемеде Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, чет элдик басылмалар кемеде болжол менен 474 адам болгонун жазып чыгышкан. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучусу, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 24ү - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алган. Мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу туман себеп болгон. Азырынча 367 адам куткарылып, 107 адам дайынсыз экени айтылууда. Ал эми 2 адамдын көз жумганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aksana1602
2014-04-17 04:50:20
aman esen tabylyp kalsa eken emi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан