Бишкекте Турсунбек Акунду колдогон митинг болуп өттү

Бүгүн, 16-апрелде Бишкектеги Ленин райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду колдогон митинг болуп өттү.

Митингге келгендер колдоруна КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге карата "Данияр, сөз эркиндигин муунтпа!", "Данияр Ильич! Кызмат абалыңдан пайдаланба!" деген плакаттарды кармап турушту.

Турсунбек Акун Данияр Нарымбаев кызмат абалынан пайдаланып, аны куугунтуктап жатканын билдирди. "Мени колдогон митингге 15 киши келди. Митингге “сөз эркиндигин муунтпа, мени куугунтуктаба” деп чыктым. Данияр Нарымбаевди сындаганым үчүн ал мени сотко берген. Сот бүгүн болуп өттү. Анда Нарымбаевди “мите курт”, “паразит” деп айткан сөздөрүмдү мойнума алдым. Ал эми сот эртең чечим чыгарат”,- деди Турсунбек Акун.    

Айта кетсек, бүгүн Ленин райондук сотунда Нарымбаевдин жазган арызы боюнча сот отуруму болуп өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан