Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыйноолорго каршы борбордун жетекчилигине таза адам келиши керектигин айтышууда. Депутат Турсунбай Бакир уулу аталган борбордун директору Бакыт Рысбековдон ишке кантип дайындалганын сурады. “Сиз мурда акыйкатчынын Нарындагы өкүлү болчусуз, Батукаевдин ишинде атыңыз аталган. Бул кызматка кантип келип калдыңыз?”- деп суроо берди.
Бакыт Рысбеков кызматка сынак аркылуу дайындалганын айтып берди.
“Былтыр апрелде сынак жарыяланып, ага 4 талапкер катышты. Үчөө Акыйкатчы институтунун кызматкери болчу. Сынакта жеңип чыгып, 2013-жылы 2-августта дайындалдым”,- деп билдирди ал.