Акыйкатчынын Нарындагы мурунку өкүлү “Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышына күнөөм жок” дейт

Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында акыйкатчынын Нарын облусундагы мурунку өкүлү Бакыт Рысбеков Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышына менин күнөөм жок” деп билдирди. Азиз Батукаевдин камерасына комиссиянын ишине көзөмөл кылуу үчүн киргенин айтат.

“Бул маселеде менин күнөөм жок”,- дейт ал.

Депутат Турсунбай Бакир уулу: “Былтыр Батукаевдин жанына көп жолу киргенсиз. Апрель айында тынымсыз кирип тургансыз. Менде бардык документтер бар, кааласаңыз таратып берем”,- деди депутат.

Рысбеков айтылган айыптоону моюнга алган жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан