Парламентте "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү
Бүгүн, 27-декабрда ЖКнын жыйынында “КРнын Токой кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды. Бул мыйзам долбоорлору климаттын өзгөрүшүнө жана төмөнкү көмүртектин өнүгүүсүнө карата ыңгайлашуу боюнча аракеттерди укуктук жактан камсыз кылууну эске алуу менен иштелип чыккан. Бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү өлкөнү өнүктүрүүнүн укуктук негизин камсыз кылат жана эл аралык уюмдар тарабынан каржылоо мүмкүндүгүн жеңилдетет. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.