Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-апрелде Кыйноолор боюнча улуттук борбордун директорунун 2013-жыл үчүн баяндамасы угулуп жатат. Көпчүлүк депутаттар аталган орган Акыйкатчы институтунун функциясын кайталап жатканын айтышууда.
Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековдун айтымында, Кыргызстанда 2013-жылы кыйноо колдонулганы тууралуу 265 кайрылуу катталган. 18 кайрылуу боюнча 18 кылмыш иши козголуп, 2 иш токтотулган. 10 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш боюнча сот чечими чыкты.
Ал эми 245 кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылганы айтылды.