Бүгүн, 2014-жылдын 16-апрелинде Алмазбек Атамбаев «Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Аталган мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2014-жылдын 13-мартында кабыл алган.
Мыйзам менен Социалдык фонддун 2014-жылга бюджетинин жана 2015-2016-жылдарга божомолунун негизги параметрлери бекитилди.
Алсак, Социалдык фонддун 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 37324,1 миллион сомду жана чыгашалар 37338,7 миллион сомду түзөт. 2014-жылга Социалдык фонддун бюджетинин дефицитинин чеги 14,6 миллион сомду түзөт.
Ошондо:
2014-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө каражаттардын жылдык керектөөсүнөн 90 пайыз республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат;
Социалдык фондго республикалык бюджеттен 2014-жылы 14 800 миллион сом каралат;
Социалдык фонддун администрациялык чыгашалары түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнөн 3 пайыздан ашпаган өлчөмдө түзүлөрү жана чыгымдалары белгиленди.
Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.