Бүгүн “Улуттар биримдиги” партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовдун соту болот. Муну Ош шаардык соту карайт. Бул тууралуу 16-апрелде “Улуттар биримдиги” партиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 2013-жылдын 29-ноябрында Ош шаардык соту (судья Б.А.Осмонов) депутатты Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Бирок Шайлообек Атазов соттун бул чечимине жана ага тагылган айыптарга карманча каршы экендигин кескин түрдө билдирген.