Кечээ, 16-апрелде Орусия Федерациясынын Кеңеши чет элдик жарандарды жумушчу визаны алыш үчүн Орусиянын расмий тилин, тарыхын жана мыйзамын билүүсүн далилдеп берүүгө милдеттендирүү боюнча тиешелүү мыйзамга толуктоону колдоду. Бул тууралуу кечээ, 16-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, мигранттар сынак тапшырышат. Эгер чет элдик жарандын билими тиешелүү деңгээлге туура келсе, ага сертификат берилет. Аны иштетүү мөөнөтү беш жылга барабар. Андан соң жаран сертификатты кайра алууга мажбур болот.