“Бишкекте кызды өлтүрүп, денесин бөлүктөргө бөлүп салган” деп айыпталып жаткан жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишти Биринчи Май райондук соту карайт.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Бул факты боюнча шектелип 1987-жылы туулган Наиль Надиров кармалган. Ага карата "адам өлтүрүү" жана "өлгөн адамдын денесин мазактоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.